Илон Маск келечекте Neuralink технологиясы адамдарга жаныбарлар менен байланыш түзүүгө жана аларды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бериши ыктымал экенин айтты. Интернетте бул технология 2028-жылга чейин ишке ашышы мүмкүн деген божомолдор да айтылууда.
Учурда Neuralink компаниясы шал оорусуна кабылган адамдарга мээнин сигналдары аркылуу компьютерди башкарууга жардам берип келет. Бирок жаныбарлардын мээсиндеги активдүүлүктү адам түшүнө турган тилге айландыруу алда канча татаал милдет.
Окумуштуулар киттердин, дельфиндердин, канаттуулардын жана башка жаныбарлардын бири-бири менен байланышуу өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө жасалма интеллектти колдонуп жатышат. Изилдөөчүлөр алардын үндөрүнөн белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктай алышканы менен, башка биологиялык түр менен чыныгы маек куруу азырынча заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүгүнөн алыс.
2028-жылга чейин мындай технология ишке ашары тууралуу маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Ошентсе да жасалма интеллекттин жана мээ менен байланышкан технологиялардын өнүгүшү келечекте жаныбарларды түшүнүү мүмкүнчүлүгүн түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн.
Элестетип көрүңүз: үйүңүздөгү итиңизден «Эмне жөнүндө ойлонуп жатасың?» деп сурап, андан чыныгы жооп алуу мүмкүн болсо кандай болот?