Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев ааламдан өттү

0

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаев 30-апрелге караган түнү ааламдан өттү. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Акын Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуп бүтүргөн.

1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, 1991-жылдан чейин, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.

1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Чырмоок» аттуу сатиралык китеби 1982-жылы жарык көргөн.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чырмоок: Тамсилдер. — Ф.: Кыргызстан. — 1982. -63 б.

Коңгуроо: Сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар.  Ф.: Кыргызстан, 1988. — 70 б.

Ой, шумдук!: Ырлар, тамсилдер. — Ф.: Адабият, 1992. — 37 б.

Ап-Чихи!-Чүчүңүз!: Сатиралык ырлар.  Б., 1999. — 134 б.

Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес: Сатиралар, тамсилдер. -2006. — 286 б.

Ачуу-таттуу аралаш 2008.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.