Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаев 30-апрелге караган түнү ааламдан өттү. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Акын Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.
1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуп бүтүргөн.
1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, 1991-жылдан чейин, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.
1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
«Чырмоок» аттуу сатиралык китеби 1982-жылы жарык көргөн.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
Чырмоок: Тамсилдер. — Ф.: Кыргызстан. — 1982. -63 б.
Коңгуроо: Сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар. Ф.: Кыргызстан, 1988. — 70 б.
Ой, шумдук!: Ырлар, тамсилдер. — Ф.: Адабият, 1992. — 37 б.
Ап-Чихи!-Чүчүңүз!: Сатиралык ырлар. Б., 1999. — 134 б.
Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес: Сатиралар, тамсилдер. -2006. — 286 б.
Ачуу-таттуу аралаш 2008.