УКМК Академиясында курсанттардын аскердик ант берүү аземи болуп өттү

0

2026-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясында курсанттардын аскердик ант берүү аземи өттү.

Иш-чарага КР УКМКнын жетекчилиги, Академиянын өкүлдөрү, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери, кызматкерлер, курсанттар жана чакырылган коноктор катышты.

КР УКМК жетекчилиги өз куттуктоо сөзүндө, аскердик ант – бул Мекенге, элге жана аскердик милдетке берилгендиктин ыйык анты экенин жана аны аткаруу ар бир курсантка өзгөчө жоопкерчилик жүктөй турганын баса белгилешти. Ошондой эле, алар кесиптик даярдыктын, тартиптин, чынчылдыктын жана ак ниеттүүлүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, чыныгы офицер жогорку кесипкөйлүктү милдет жана ар-намыс сезими менен айкалыштырышы керектигин айтышты.

Аны менен катар Мамлекеттик комитеттин жетекчилиги курсанттар татыктуу офицерлерден болуп, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга жана эгемендүүлүгүн бекемдөөгө өз салымдарын кошоруна ишеним билдирди.

Иш-чаранын алкагында курсанттар кол күрөш ыкмалары жана күжүрмөн куралдарды колдонуу техникасы боюнча көрсөтмөлүү өнөрлөрүн тартуулашты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.