Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп Урмат Абдукаимов дайындалды.

Мындай чечим 25-августта Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Абдукаимов бул кызматта хорватиялык адис Роберт Просинечкини алмаштырды. Буга чейин тараптар кызматташууну токтотуу боюнча макулдашкан.

Кыргызстандын улуттук курамасы 2027-жылдын январь айында Сауд Аравиясында өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычында ойнойт.

Сентябрь-октябрь айларында Урмат Абдукаимов жетектеген курама команда Бишкекте бир нече жолдоштук беттеш өткөрөт.

Учурда Абдукаимов Кыргызстандын чемпионатынын Жогорку лигасында ойногон «Талант» клубунун башкы машыктыруучусу.

2023-жылы ал словакиялык Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучулар штабында иштеген. Ошол эле жылы Кыргызстанда жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылган.

2025-жылдын жайында Таркович кызматтан кеткенден кийин Абдукаимов Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусунун милдетин убактылуу аткарган. Анын жетекчилигинде команда төрт командадан турган тайпада төртүнчү орунду ээлеген. Кыргызстан Түркмөнстан менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Оманга 1:2, Өзбекстанга 0:4 эсебинде жеңилген.

Кийин Абдукаимов Түркиядагы окуу-машыгуу жыйынында Олимпиадалык кураманы (U-23) Эдмар Ласерданын ордуна убактылуу жетектеген. Ал эми май айында команданын туруктуу башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Анын жетекчилигинде U-23 курама командасы июнь айында Таиландда үч жолдоштук беттеш өткөргөн. Кыргыз футболчулары Таиланд менен 1:1, БАЭ менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Кореяны 1:0 эсебинде жеңген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.