Ысык-Көл облусунда «Нелегал — 2026» деп аталган ыкчам-профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызмат облустук милиция менен биргеликте чет элдиктер эмгектенген 31 объектини жана 1 015 чет өлкөлүктүн документтерин текшерген.
Рейддин жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталган. Аларга жалпы 2 миллион 701 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, сегиз адамды өлкөдөн чыгаруу (депортациялоо) чечими кабыл алынды.
«Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган», — деп айтылат маалыматта.
УКМК иш берүүчүлөр менен чет өлкөлүк жарандарга кайрылып, Кыргызстанга кирүү, өлкөдө жүрүү, каттоодон өтүү жана эмгек ишмердигин жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.