Акылбек Жапаров: «Марлен Маматалиев буйруса алыска барат» — Видео

0

Кыргызстандын мурдагы жогорку мамлекеттик кызматкери Акылбек Жапаров парламенттин спикери Марлен Маматалиев тууралуу жылуу пикирин билдирип, анын саясий келечегине жогору баа берди.
Жапаровдун айтымында, Маматалиев бир кезде анын жардамчысы жана кеңешчиси болуп иштеген. Ал Марлен Маматалиевди жөндөмдүү, кесипкөй жана ар бир ишке олуттуу мамиле кылган адам катары мүнөздөдү.
«Менимче, ал абдан алыска барат. Менден да бийикке жетет. Мен буга абдан кубанам жана анын бул жолуна өз салымымды кошом», — деди Жапаров.
Ал Марлен мырзанын өзүнө таандык маанилүү сапаттарынын бири катары бардык ишке жоопкерчилик менен мамиле кылганын белгиледи.
«Ал үчүн экинчи, үчүнчү даражадагы же майда-барат иш деген болбойт. Бардык иш ал үчүн маанилүү. Мен ага ушул сапатты үйрөткөнүмө абдан кубанычтамын», — деди ал.
Жапаров ошондой эле Марлен Маматалиевди урматтап, анын келечекте чоң ийгиликтерге жетишин каалай турганын билдирди.

Марлен Маматалиев 45 жашында Кыргызстандын парламентинин спикери болуп, мамлекеттик саясаттагы маанилүү кызматтардын бирине жеткен.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.