Башкы машыктыруучу Нурдаулет Момынов жетектеген Казакстандын көкпар боюнча улуттук курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга жол тартты. Бул тууралуу казакстандык журналист Аслан Каженов социалдык тармактарда билдирди.
«Биздин көкпар боюнча улуттук курама командабыз коңшу Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына жөнөп кетти. Ийгилик каалайбыз!» — деп жазган ал.
Казакстандык спортчулар көкпар жана көк бөрү боюнча мелдештерге катышат. Казакстандын курама командасы кыргызстандык командага негизги атаандаштардын бири болуп эсептелет.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Командалык ат оюндары боюнча мелдештер 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы жаңы ипподромдо башталат.
Финалдык беттештер 6-сентябрда өтөт. Саат 11:00дөн 13:00гө чейин көкпару боюнча, ал эми 14:00дөн 16:00гө чейин көк бөрү боюнча финалдык оюн болот.