ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин аймактарга болгон сапарлары, эл менен камыр-жумур иш алып барганы кубандырды

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кызматка келгенден бери өзүн билимдүү, заманбап, тажрыйбалуу жана мамлекеттик иштин жоопкерчилигин терең түшүнгөн жетекчи катары көрсөтүп келе жатат.

Саясаттагы такшалган тажрыйбасы, салмактуу позициясы жана ар бир маселеге терең талдоо менен мамиле кылганы анын деңгээлин айкын көрсөттү. Парламенттин ишин жаңы нукка буруп, тартипти бекемдөөдө, мыйзам чыгаруу ишин жандандырууда жана элдин үнүн бийликке жеткирүүдө активдүү аракеттерди көрүп жатат. Кыска убакыт ичинде эле чечкиндүү кадамдары, так сүйлөгөн сөзү жана ишке болгон жоопкерчилиги менен коомчулуктун көңүлүн бурду.

Марлен Маматалиев шайлангандан бери бир топ тарыхый иш-чаралар, эл аралык кызматташуулар, аймактарга болгон сапарлары, эл менен камыр-жумур иш алып барганы кубандырды. Анын бүгүнкү күндө келечекти көрө билген, заман талабына жооп берген, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон жетекчилердин бири катары мурдагы төрагалардан  ат чабым алдыга озуп чыккан саясатчы экенине күбө болуп келебиз.Мындан аркы иштерине да ийгилик каалап жаңы максат пландарды күтөбүз!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.