УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын хирургдары чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашууда
УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын эндоскопиялык хирургдар ассоциациясы менен биргеликте «Тянь-Шань: Эндоскопиянын жаңы горизонттору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүүдө.

Бул иш-чара эндоскопиялык жана аз инвазивдүү хирургия тармагындагы өлкөнүн жана чет мамлекеттердин алдыңкы адистерин бириктирди.

Конференциянын жүрүшүндө УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын хирургдары КР жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте мастер-класстарды өткөрүп, заманбап эндоскопиялык жана аз инвазивдүү операцияларды жасашууда.

Ошондой эле алар хирургиялык дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча практикалык тажрыйба алмашып, кесиптик кызматташтыкты чыңдоодо.
Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири “ Live Surgery” форматында операцияларды өткөрүү болуп саналат. Аскердик-медициналык кызматтын операциялык бөлүмдөрүнөн хирургиялык операциялар реалдуу убакыт режиминде конференц-залга түз алып көрсөтүлүп, анда жүздөн ашуун дарыгер операциялардын жүрүшүнө байкоо салып, алардын өзгөчөлүктөрүн жана хирургиялык дарылоонун заманбап ыкмаларын талкуулашууда.

Жыйындын алкагында бир катар татаал операциялар жасалууда. Алардын айрымдары Кыргыз Республикасында алгачкы жолу жүргүзүлүп жатат.
Бул ата мекендик хирургиянын мындан ары өнүгүшүнө, заманбап медициналык технологияларды ишке ашырууга жана практикалык адистердин кесиптик деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт. Конференция учурунда жүргүзүлүп жаткан бардык операциялар кайрымдуулук негизде аткарылууда.

Мунун аркасында бейтаптар квалификациялуу хирургиялык жардамды акысыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.