Вирусту өлтүрүп,канды тазалап турат.Эң мыкты 5 табигый антибиотик

0

Адам организми эрте жаз жана кеч күздө начарлап кетет. Тез-тез ооруга чалдыга баштайт. Буга иммунитеттин түшүп кетүүсү негизги себеп десек болот. Иммунитет организмде вирустар менен тынымсыз күрөшүп турат. Зыяндуу бактериялар иммунитетти жеңип алганда гана адам ооруп калат. Андыктан дайыма ден-соолукта болуу үчүн адам өзү иммундик системага жардам берип, пайдалуу азык жана дары-чөптөрдү ичип туруусу керек. Ошондо гана сиз оору-сыркоодон алыс болосуз. Төмөндө иммуниттети көтөрөтурган 5 табигый антибиотик тууралуу маалыматты сунуштайбыз. Сунуштаманы окуп, пайдасын көрүңүз.

1.Хрен

Хрендин тамыры горчица майын жана энзим затын кармап жүрөт. Тамырды ушалаганда кычкылтектин таасири астында бул эки зат биригип аллилдүү горчица майына айланат.

Бул зат өтө  күчтүү табигый антибиотик болуп саналат.  Ал ооз көңдөйүндөгү бактериялар , мурун көңдөйүндөгү бактериялар менен күрөшөт.

Трахеитте, бронхитте , кургак жөтөлдө:

Майдаланган Хренден  1 аш кашыкты 3 аш кашык бал менен аралаштырып коюп коёбуз. Күндө 1 чай кашык оозго салып эритип жеш керек.

Цистит жана  уретритти дарылоодо:

1 аш кашык майдаланган хренди 1 стакан  кайнак сууга чылап, 5 мүнөт демдеп коюп, бир күндө 3-4 маал ичүү керек .

2.Клюква

Клюква -күчтүү антибиотик жана вируска каршы күрөшүүчү зат. Табарсыкты жана заара чыгаруу жолдорун зыяндуу бактериялардан тазалайт. Клюква күчтүү антиоксидант , ал клеткаларды эркин радикалдардын зыяндуу заттарынан тазалоого бай заттарга ээ. Клюква менен брусника суук тийген дарттарды дарылоодо керектелет. Бактериялуу касиетке ээ. Ошондой эле заара айдатуучу касиетке ээ.

Мындан сырткары сезгенүүгө каршы таасир берет.

Мөмө- суюктуктарын даярдоо:

Клюкванын жемишин майдалап кум шекерге (3:1) аралаштырат мындан 2 аш кашык  аралашманы алып үстүнө (0,5л) кайнак суу куюш керек. Суусундук даяр болду.

3.Сарымсак

Сарымсак ичеги карын паразиттерин , зыяндуу бактерияларды, вирусту кандан, дем алуу жолдорунан жана ички органдардан чыгаруучу касиетке ээ башкача айтканда тазалап арылтат. Артериялык кан басымын төмөндөтөт. Кандын уюшун алдын алат. Сарымсак ракка каршы жана күчтүү антиоксидантык касиетке ээ. Организмди зыяндуу заттардан тазалайт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.