Москвада жол кырсыктан каза болгон 21 жаштагы жигиттин сөөгү кичи мекени Базар-Коргон районуна алынып келе жатат.
Белгилүү болгондой, 21-июлдун таңында Москванын Ленин проспектисинде жеңил унаа менен «КамАЗ» сүзүшкөн. Унаада бара жаткан 5 адамдын ичинен экөө каза болуп, 3 жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
«Эрмек (аты өзгөртүлдү) 2019-жылдын кыш мезгилинде Москва шаарына эмгектенгени келген. Акыркы учурда шаардагы цехтердин биринде иштеп жаткан.


Окуя болгон күнү таксиде бара жатышкан. Айдоочу рулга ээ боло албай, унаасы жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен унаада бара жаткан 5 адамдын экөө каза болуп, 3 жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө түштү. Эрмек жол ачылары менен Кыргызстанга барарын айтып жаткан. Эми анын сөөгү кичи мекени Базар-Коргон районуна жөнөтүлүүдө», — дейт атын атагысы келбеген тууганы.
Турмуш кж