Айыл чарба министрлиги: Кыргызстан арашан койлорун экспорттоого басым жасайт

0
Ишемби күнү арашан асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер катышып, тажрыйба алмашышты.
Фестивалда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу арашан койлорун экспортко чыгаруу, аларга асыл тукум статусун алуу жана фермерлерге жылына 3 пайыз үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү иштерине басым жасаларын белгиледи.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.