Кеңештин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирүү таратты.
“Урматтуу кесиптештер, жаңы эле «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери
менен сүйлөштүм. «Каза болуп калыптыр» деген фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр. Бул күндөрү Жалал-Абад шаарына 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жатыптыр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан сырткары жакында эле пандемияга каршы күрөшүү фондуна 1 миллион сом которгон. Бакыт Эгешович «Эл өкүлдөрү элдин арасында болушу керек» деген постумду окуптур. «Элдин арасында жүрөбүз. Мындан кийин дагы ушул оору менен күрөшүүгө колдон келген жардамыбызды беребиз» — деди. Оорубаңыздар!”