Коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер өткөн окуу жылын дистанттык түрдө аяктады.
Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта мектепке кадимкидей бара баштай турганын сурап «Бишкек сегодня» Telegram каналынын колдонуучулары редакцияга кайрылууда.
«Билим берүү тармагында эмгектенген таанышымдын айтканына караганда, Билим берүү жана илим министрлиги балдар 1-сентябрдан баштап мектепке барып окуй турганы тууралуу буйрук чыгарыптыр», — деп жазды колдонуучулардын бири.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясы министрликтин маалымат кызматына кайрылды. Ал жактан айтылып жаткан сөздөр чындыкка туура келбесин, жаңы окуу жылы боюнча жакынкы сааттарда так маалымат берилерин билдиришти.
Спутник кж