Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү окумуштуу, академик Абдыганы Эркебаев Конституциялык кеңешменин иш аракеттерине купулу толбой жатканын айтып чыккан. Ал Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдоп, бирок азыркы көрүнүштө өзгөрсө катачылык кыларын билдирди. Ошондой эле саясатчы Садыр Жапаровго өз баасын да берди. Ал маегинде:
“Биз 1993-жылкы Конституцияны үч жыл бою жазганбыз. Кеңешмедеги мүчөлөрдүн компетенттүүлүгү да белгисиз. Мамлекеттик түзүлүштү түшүнгөн, конституциялык иштерге, сотто иштеп жүргөн адамдар камтылышы керек эле. Андай болгон жок да. «Ураалаган» боюнча эле кирип кетишти. Садыр Жапаровдун мурдагы оюнан кайтып, «адегенде элге кайрылып, кандай башкаруу формасы керектигин» билип алуу пикирин түпкүлүгүндө колдойм. Элдин мүдөөсүн билип алып, ошого жараша Конституция жазышы керек. Маселе туура, ой туура. Бирок бүгүн да «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев айткандай, жол-жоболор сакталган жок. Конституциялык мыйзам сакталган жок. Конституциялык палатанын корутундусу жок», — дейт. Демек бул жолку Баш мыйзамды кароодо мурунку катачылыктарды эске алып, кылдаттык менен жети өлчөп бир кесүү керектигин ачыктады.