2-июль күнү саат 21:35 чамасында Сокулук районунун Асылбаш айылындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Жигули» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, шар аккан каналга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган келин каза болуп, 1986-жылы туулган эркек адам жана 2013-жылы туулган жаш бала жабыркады. ӨКМдин куткаруучулары каза болгон келиндин денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирди.
Ал эми күбөлөрдүн айтымында, кырсыктаган унаада бир үй-бүлө кетип бараткан.
«Автоунаа кулагандан кийин маркумдун күйөөсү менен баласы каналга агып кетиптир. Аларды айыл тургундары чыгарып куткарып калышты. Каналда суу көп болчу. Ал эми аял киши унаанын ичинде чыга албай калып калган.
Сокулук районунун куткаруучулары келип, каналдагы сууну жаап, унаанын эшиктерин талкалап, аялдын жансыз денесин алып чыгышты», — деди күбөлөрдүн бири.
Булак Турмуш кж