Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев өлкөдө акыркы бир жумада кырдаал жакшырып бара жатканын “Слово доктору” берүүсүндө айтты.
Анын айтымында, бейтаптардын саны азайып, адамдар каза болгон учурлар аз катталганы кубандырат.
“Жалпысынан турукташууга бара жатат“,- деди Сооронбаев.
Ошондой эле Кыргызстанда коронавирусту экинчи жолу жуктурган учур катталбаганын кубануу менен белгиледи.
«COVID 19 менен ооруп айыккан кишиде вируска каршы иммунитет пайда болот. Адамда жөн гана иммунитет эмес, иммундук эске тутум иштелип чыгат. Жадагалса бир ай, бир нече жылдан кийин кайрадан вирус жугузуп алуу коркунучу пайда болсо организм вирусту таанып, коргонууга өтөт. Эгер жукса да оорунун жеңил формасында өтөт” – деп билдирди Сооронбаев.