БИШКЕКТЕ УЙДУН ЭТИ АРЗАНДАДЫ

0

Июль айында республика боюнча уйдун эти орточо алганда 2,3 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттукстатистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Республика боюнча уйдун этинин баасы 30-июлда 1 килограммына 355,16 сомду түздү, 1-июлда анын баасы 357,51 сом болгон эле.

Бишкекте уйдун эти 30-июлга карата 355,87 сом болду, ал эми 1-июлдан анын баасы 361,39 сомдон сатылып жаткан болчу. Бир айдын ичинде Бишкек шаарында уйдун эти орточо эсеп менен 5,52 сомго арзандады.

Ош шаарында 1 айлык кызын сатууга аракет кылган ата 8 жылга эркинен ажырап, ымыркайдын апасы сот залынан бошотулган. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Булак Заман кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.