Бир литр сүттөн бир литр каймак жасоонун рецебин «Zaman» сайты жазып чыкты.
Кадимки эле сүттөн, каймак жасоо кыйынга турбайт. Бир гана аны жасоодо, туура жолду тандоо керек.
Керектүү азыктар
1 литр сүт
3 аш кашык каймак керектелет
Даярдоо жолу
Каймакты даярдоо үчүн дүкөндө сатылган 3,5-4,5 пайыздык сүт керектелет. Алгач мискейге суу куюп кайнатып, үстүнө дагы бир мискейге сүттү куюп кайнаганча кармап турасыз. Сүт бир сыйра кайнап чыккандан кийин, аны суутуп аласыз. Суутканда бөлмө температурасындай болуш керек.
Эми кадимки эле жанагы үч кашык каймакты бөлмө температурасында болгон сүткө саласыз. Каймакты салган соң, жакшылап аралаштыруу керек. Кийин жылуу кебез менен ороп кырк мүнөт, жылуу жерге үстүн коюп коёсуз. Кырк мүнөттөн кийин ачканда, сүттүн кантип каймакка айланганын озүңүз дагы билбей каласыз.