Дагы тогуз медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды жалпы 216 учур катталды

0

Бир сутка ичинде тогуз медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын алтоо Бишкек шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда жана бирөө Нарын облусунда иштейт”, — деди Акматова.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында жалпы 216 учур катталды. Алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.