Кайын энем «зыңк»! Бетке, бетке айтып туруп, ордуңа коюп коет. Чанжырабай факт менен сүйлөйт. Анан кирерге тешик таппай каласың. Башыман өткөн, ошон үчүн айтып жатам. «Апа, мунун келини мындай экен да»,- деп уккан ушагыңды айтып берсең, «кайын энеси кандай экен, күнөөнүн көбү ошондо»,- дегенде өчөсүң. Уул-келиндерине «жакпасам бир жериме эмес, бетиме айткыла, мен деле адаммын катакетирем», -дейт. Жаны күйөө бала болуп келгенде кадимкидей коркчумун. Жанына барып отургандан качат элем. «Саламатсызбы апа»,- деп учурашып коюп эле, сыртта кызматын кылып коюп жүрө берчүмүн. Бир жолу эт бышырып отурсам басып келди.
— Уулум, мен деле жаш кезимде «красавица» болгом, минтип бетиме бырыш түшүп калса эле жактырбай кача бересиңби? Коркпо, бырыштарым тиштеп, ак чачым жеп албайт.— Жок, апа, андай эмес, тиги, неме, туура эмес түшүнүп калдыңыз окшойт…— Ай, көп сүйлөбөй шорпоңон куюп берчи.Келинчегим дагы кайын энемди тартып тамашакөй. Кудайдын куттуу күнү боорумду эзет. Балдызымдын кыз узатуусу. Кудалар өзүбүзгө окшош карапайым үй-бүлө экен. Алып келген ачуу басарын үйгө ташып жаткам. Туугандар чогулуп карап турушкан. Бир эле блок фанта кошконун көрүшүп, «иий, бир эле блок бекен, элге эмнени таркатасыңар?», -деп кудалардын көзүнчө айтып жиберишти. Кудагый ыңгайсыз боло түшүп, «жок, дагы алып келебиз», -деп шашкалактап кирди. Ошондо кайын энем, «ай, стоп, кызымдын бактысы бир блок фанта менен чечилбейт. Бар сен, сен, сен чыгып кет. Тойдо ниети жакшы адамдар болушу керек. Куда, бери кара, кызым уулуңар менен бактылуу болорун айтты. Мен ага ишенем, көзүм да жетип турат. Болду, болбогон сөздү токтотуп, жүр дасторконго отуралы. Кайын энем жаныман өтүп баратканда, «Апа, красавчик!» десем, мага бешти берип койду. Сонун адам да.