Коронавирустан каза болгон врач Жүзүмкан Көкүмбаеванын жаркын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө калышы керек!
Бишкектин республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирус аныкталып көз жумган 57 жаштагы дарыгердин кошумча да оорулары болгондуктан ал вируска туруштук бере албай калганын оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев Спутнике билдирген.
Маалыматка ылайык, каза болгон медик №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы болгон.
Бул Кыргызстанда коронавирустан улам дарыгер каза болгон алгачкы учур. Ушу тапта анын уулу дагы COVID-19 инфекциясын жуктуруп ооруканада дарыланып жатат.
Аалиевдин айтымында, врач 24-март күнү ооруканага келип жаткан.
“Каза болгон дарыгер бизге оор абалда келди. Дароо эле коронавируска анализ тапшыртып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Вирусту кайдан жуктурганын эпидемиологдор аныктайт», — деди Аалиев.
Коронавирустан каза болгон врач Жүзүмкан Көкүмбаеванын жаркын элеси ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө калышы керек. Ар бирибиз таазим этип, ар бирибиз эстешибиз керек. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!