Эми Антарктида пандемияга кабылбаган жалгыз континент эмес. Вирус Чилинин Хенераль-Бернардо-О’Хиггинс полярдык станциясында иштеген 36 кызматкерде аныкталган. Бул тууралуу Tercera гезити өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
“36 эркек адам COVID-19 жуктурган, анын 26сы аскер кызматкерлери, ал эми 10у Антарктиданын базасында күндөлүк оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн подрядчик компаниянын кызматкерлери”, – деп билдирген Чилинин Коргоо министрлиги.
Барс медиа