Кытай дагы бир коркунучтуу вирус жөнүндө эскертти

0

Кытайдын бир нече аймактарында дагы бир коркунучтуу SFTS вирусу жайылып жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коңшу Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы 37 адамдан SFTS вирусу аныкталган. Кийинчерээк оору өлкөнүн чыгышындагы Аньхой провинциясындагы 23 адамдан табылган. Вирустан 7 адам каза болгондугу кабарланууда.

Дарыгерлер бул вирус негизинен кене чакканда жугарын айтып жатышат. Бирок адамдан адамга кан жана былжыр чел аркылуу жугушу толук мүмкүн экендигин билдиришкен.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.