Көз жумган дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева коранавирусту кантип жуктурган?

0

Коронавирустун айынан көз жумган Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жүзүмкан Көкүмбаева ооруну кесиптешинен жуктуруп алган. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өзү иштеген байтапкананын ага чейин коронавирус жугузуп алган медицина кызматкери менен байланышта болгон.

Ал эми Республикалык инфекциялык оорукананын директору Гүлжигит Аалиев дарыгер 24-апрелде ооруканага түшкөнүн билдирген. Анын өнөкөт оорулары да болгон (кант диабети, гипертония, жүрөк оору).

Get real time updates directly on you device, subscribe now.