Москва шаарынын Ясенево районунда жеткирүү кызматында ташуучу болуп иштеген кыргызстандык бычактан жаракат алып каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
“Delivery Club жеткирүү кызматынын курьерин Ясеневодо белгисиз адам бычактап салган. Жарадар болгон адам ооруканада көз жумган. Бычак анын жүрөгүнө тийген. Алар кол салган адамды издеп жатышат”, – деди агенттиктин булагы.
Ал кошумчалагандай, маркум 19 жашта, ал Москвага Кыргызстандан келген.
Башка маалыматтар азырынча белгисиз.