«Мен аябай көп кыйынчылык көрдүм, жалгыз калдым, баары таштап кетишти»

0

Жек Манын турмушунан алынган кеңештери.

 «… Мен аябай жакыр үй-бүлөдө төрөлгөм. Мен эч качан жакшы окуу жайларда билим ала албадым, мүмкүнчүлүк жок болчу. Бүт баардык тапшырган экзамендеримен кулагам. Менде акча болгон эмес, диплом болгон эмес, атактуу, таасирдүү туугандарым да болгон эмес. Бирок менде максат болгон жана ошол максатым менин эң чоң байлыгым эле. Мен максатыма ишенгем, анан бир күнү төрт досумду чакырып, аларга эки саат интернет аркылуу бизнес кылуу максатымды айтып түшүндүрүп бердим. Үч досум “сен интернет эмес, компьютерди жакшы билбейсиң го, бул максатка жетүү мүмкүн эмес” деп туруп кетишти. Бир гана досум мага ишенди. Жана бүгүнкү күндө убагында эч ким ишенбеген максатым мени дүйнөдөгү эң ийгиликтүү адамдардын катарына кошту. Ооба, мен аябай көп кыйынчылык көрдүм, жалгыз калдым, баары таштап кетишкен. Түрдүү сыноолорду көрдүм, бирок сынбай, ушул күнгө жеттим. Аябай көп экзамендерден жыгылдым, бирок жашоонун экзаменинен такыр жыгылган жокмун…»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.