Урматтуу шайлоочулар!
Бийликтин бирден бир булагы – бул эл. Президенттерди эл шайлайт, эгерде элдин ишенимине татыбаса, аларды кулаткан да эл. Баш мыйзамды кабыл алган да эл, ал эл үчүн иштебесе, анын жоболорун да эл өзгөртөт. Ушундай болуп келген жана боло бермекчи. Өз эркиндигин эч ким, биздей, кыргызстандыктардай баалабайт. Эгерде колунда бийлиги бар адамдар эркиндигибизге кол сала турган болсо, анда аны кайтарып алууга убакыт келди. Элибиз дагы эле жакырчылыктын, мамлекеттик кызматчылардын адилетсиздигинин, саясий тирешүүлѳрдүн, жоопкерчиликсиз бийликтин азабын тартып жатат. Бирок бүгүн бизде жаңы келечекти курууга мүмкүнчүлүк бар. Бул шайлоо платформада Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча менин өзөктүү сунуштарым көрсөтүлгөн. Бул процесс реалдуу натыйжа бере башташы үчүн конкреттүү кадамдар жасалууда.Келечекке кызмат бүгүндөн башталат!