Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак ажы Жалилов дүйнө салды. «smi.kg» редакциясы аалым тууралуу 10 факт топтоду.
1. Чубак Тажыбаевич Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жарык дүйнөгө келген.
2. Чубак ажы интеллегенттүү, билимдүү үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы математика сабагынан мугалим болсо, апасы англис тили боюнча мугалим.
3. Чубак ажы акылдуу, көрөгөч, билимдүү аалымдардын катарында турат. Ал кичинекей кезинен зирек, сезгич болгон. Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн.
4. Чубак ажы көп балалуу үй-бүлөдөн болгон. Ал алты бир туугандын ичинен экинчиси.
5. Аалым жогорку билимдүү. Ал 1992-1996 жылдары Хазрети Умар атындагы Кыргыз-Ислам университетин аяктаган. Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөн. Сауд Арабиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин араб тили боюнча институтунда билим алган.
6. Ал мугалим болгон. Эмгек жолун 1995-жылы баштаган. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университеттин Чыгыш таануу факультетинде араб тилинен сабак берип иштеген. Аалым ал жерде 1998-жылга чейин эмгектенген.
7. Ажынын өздүк китепканасы бар. Ал бир үйдө үч бөлмөнү ээлейт. Китепканада жалпы 10 000дей китеп бар. Анда диний китептерден тышкары, кыргыз адабияты, тарых, маданият тууралуу китептер бар.
8. Бүгүнкү күндө аалым эң таанымал жана популярдуу YouTube-блогер болчу. Анын каналында 640 000 колдонуучу бар.
9. Чубак ажы көп баланын атасы. Анын жалпы 5 баласы бар. Алардын үчөө эркек. Экөөсү кыз.
10. Чубак ажы Жалилов 2020-жылы 11-июлда пневмониядан көз жумду.
Sign in