Дүйнөгө белгилүү ырчы Мадонна Instagram баракчасына коронавирус менен ооруганын жана андан айыкканын жазып чыкты. Мадоннанын айтымында ал өзү жана анын шоусундагы чыгармачыл адамдар 7 жума мурун Madame X дүйнөлүк турне убагында оору жуктуруп алышкан. 61 жаштагы ырчынын концерти Португалия, Улуу Британия жана Франция өлкөлөрүндө болуп өткөн.
“Биз ал учурда бул кадимки сасык тумоонун күчтүүсүнө кабылдык деп ойлогонбуз. Бирок, текшерилген соң коронавируска каблыганыбызды билдик. Азыр анализдерим таза чыгып жатат. Мен айыктым”, -деген ырчы айым.
Ошондой эле ал коронавирустун вакцинасын ойлоп табууга 1 миллион доллар бөлөрүн кошумчалады.