«Variety» басылмасынын маалыматы боюнча, Лос-Анжелестеги Голливуд дөңсөлөрүндө жалпы наркы 18,9 миллион долларды түзгөн үч вилла сатыкка коюлду.
Маалыматка ылайык, обьектилер Өзбекстандын биринчи президентинин кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева жана анын жолдошу Тимур Тилляевге таандык.
Сатылган үйлөрдүн эң кымбаты – 6,495 миллион долларга бааланууда. Ал үйдө 2007-2014-жылдары NFL жылдызы Реджи Бушка жана анын мурдагы сүйлөшкөн кызы Ким Кардашян жашап келишкен.
Белгиленгендей, Тилляевдер аталган виллаларды жашоо үчүн колдонушкан эмес, аларды ижарага берип турушкан деп болжолдонууда.