Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев «Чоң казат» кыймылынын мүчөлөрү тууралуу пикирин өз социалдык баракчасына жазып чыкты.
«Ат баспайм деген жерин үч басат» — дегендей, мен кайра «Чоң казат» темасына кайрыла турган болуп калдым… Көрсө эң башкы айтайын деген ойумду жазбай калыптырмын. Бир топтору мени «Чоң казат» кыймылына, аны негиздеген Канат Хасанов, Сыймык Жапыкеев, Максат Мамыткановдорго каршы деп да ойлоп алышкан окшойт. Андай эмес. Үчө тең Ысык-Көлдөн. Канат мырза менен дагы, Сыймык мырза менен дагы эч кандай чатагым жок, ага-ини катары сый эле мамиледебиз. Ал эми Максат мырза экөөбүз тууганбыз, Бакачынын Кудаяр деген уулунан Максат болсо, Кожош деген уулунан мен, Беш ата Бакачы деп Ысык-Көл районунун Чоктал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой, Бает, Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында турабыз.
Ошондой эле, мен жеке өзүм бул кыймыл жарыя кылып жаткан — коомду коррупциядан жана коррупционерлерден тазалоо — деген максатты колдойм, бул менин баштан бери келе жаткан принцибим. Атамбаев мени камайм деп кандай күч жумшаганын, өзүм эле эмес айылдагы туугандардан өйдө канча сыйра казып текшергенин, эмне болсо дагы тапкыла деп органдын кызматкерлерин күнү-түн кандай кубалаганын Канат мырза жакшы билет. Илинчек табышса мени деле камап салышмак.
Менин айтарым, эгерде принципиалдуу, конструктивдүү жана ыраттуу күрөш болсо мен эле эмес, далай эле кишилер колдоого, күрөшкө кошулууга даяр. «Сокурдун көксөгөнү эки көз» — демекчи, азыр элдин көксөгөнү акыйкаттык, калыстык, коомдун тазалыгы, ууру-кескиден, жемкорлордон арылуу болуп турат. Бирок, жалпы коомдук колдоого ээ болуу үчүн максаттар ачык-айкын, аракеттер ыраттуу жана адилеттүү, айтылган сөздөр так жана түшүнүктүү, катарыңар таза болуусу шарт. Мындай иште көрүнөө жана көмүскө иштер, жабык саясат жарабайт. Ошондуктан инилериме айтат элем — менден душман издебей эле койгула, андан көрө айткан сөзүңөрдү, кыла турган ишиңерди анан өз катарыңарды тактагыла, бул менин агалык кеңешим.