Өзбекстан: Президентти шылдыңдоого жана жалаа жабууга тыюу салынды

0

Өзбекстанда президентти интернет айдыңында шылдыңдаган же жалаа жапкандарга жаза бериле турган болду. Тактап айтканда 3 жылга чейинки түзөтүү иштерине тартылат же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги маалымдап, аталган норма Кылмыш кодексине камтылганын жарыялады.

Кечээ, 30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча жарлыкка кол койгон. Анын ичинде Кылмыш кодексине да оңдоп-түзөтүүлөр камтылганы айтылат.

Мындан сырткары жаңы нормага ылайык, элди башаламандыкка чакыруу, коомду козутуу сөздөрү үчүн дагы жазалар каралган. Анда акчалай айыппул жана 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.