2019-жылы 12-ноябрь күнү Ош шаардык соту 1 айлык кызын 30 миң сомго сатып жаткан учурда кармалган Өзгөн районунун 1997-жылы туулган тургуну А.А. (эркек киши) менен Кызыл-Кыя шаарынын 1995-жылы туулган тургуну К.Ш.ны (аял киши) Жазык кодексинин 171-беренесинин (адамды соодалоо) 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде күнөөлүү деп таап, А.А.ны 8 жылга, ымыркайдын энесин 7 жылга эркинен ажыраткан.
Алардын жактоочулары Ош шаардык сотунун чечими менен макул болбой, Ош облустук сотуна кайрылышкан.
Ушул жылдын 27-май күнү Ош облустук соту материалдарды карап, күбөлөрдү угуп, А.А. боюнча Ош шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Башкача айтканда ымыркайдын атасы 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми кыздын энеси күнөөсү далилденбегени үчүн акталып, сот залынан бошотулган.
Күбөлөрдүн айтымында, ымыркайдын энеси кызын сатууга макул болгон эмес. Ал уктап калганда А.А. ымыркайды алып кетип сатууга аракет кылган. Ошол учурда кызын издеген эне да жолдошу кармалган жерге барып, укук коргоо органдарынын колуна түшүп калган.
Турмуш