29жаштагы келин комага түшүп, үч баласы чыркырап оор күнгө кабылды

0

 Социалдык баракчасына Умар Медетбеков комада жаткан келин тууралуу жазып чыкты. Бул келиндин аты Нурзат 1991-жылы туулган, үч баласы бар. Азыркы учурда оор абалда комага түшүп калган!

23-апрелде Жумгалдан Бишкеке  жети айлык кош бойлуу келин    ооруп келген. 3саат операция жасалып баласы тирүү калып, андан кийин эсине келалбай кан кетип кайра экинчи операциясы 5 саатка созулуп,  жатыны алынып   комага түшүп калган.

Ички органдары иштебей кымбат аппараттар, дарылар керек болууда. Жолдошу эки кичинекей балдары менен айылда. Сиздерден сураныч боорукер туугандар ар кимдин башына оор абал келет,балдары энесиз калбасын жардам сурайбыз. Колуңардан келишинче жардам бериниздер! «Көп түкүрсө көл» дейт кыргыз элибиз! Бул эжесинин «Элсом»номери аты Мырзабекова Гүлзат 0703 54 16 53 



Get real time updates directly on you device, subscribe now.