0

БАЛАНЫ ЖАЛКООЛУКТАН АРЫЛТУУНУН СОНУН ЖОЛДОРУ

Балдардын көбү өткөөл куракта жалкоо боло баштайт. Өзгөчө мектепке баргысы келбей, үй тапшырмаларын аткаргысы келбей жана үй жыйнагысы келбей. Ал учурда алар сабактан начарлап, төмөнкү бааларды ала баштайт. Мында сиз балаңызга эмне себеп болуп жаткандыгын аныктооңуз зарыл.

Бала негизи уламдан-улам ар кандай ийримдерге барып, сабагы оор болгондон улам чарчашы мүмкүн. Мында ата-эне өзүнө дагы суроо салуусу кажет. Мен баламы абдан эле кыйнап койбодумбу деп. Бул шартта балаңыздын эс алуусу үчүн дагы атайын шарт түзүп бергенди унутпаңыз.

Балаңыздын күнүмдүк жасаган иш-аракетин байкап көрүңүз. Эгерде ал түрдүү нерселерди жасап чарчап жаткан болсо, демек ага эки-үч күндүк эс алуу уюштуруңуз. Бул учурда балаңыз сүйгөн тамактарды жасап, уктоосуна көңүл бөлүп кубандырыңыз. Достору менен сейилдөөгө уруксат бериңиз.

Адистердин айтымында эрки абдан төмөн балдар жалкоолукка бат кабылат. Баланы жаш курагына жараша жумуш аткарууга үрөтпөсөңүз, ал чоңойгон сайын семирүүгө кабылуусу мүмкүн. Ал арада балаңызды уламдан-улам сен жалкоосун деп айтуунун кажети жок.

Эң жакшысы анын өздүк баалуулугун көтөрүүгө көмөктөшүңүз.

Эгерде балаңыз бир нерсе аткарууда ага кызыкпаса, аны зордогон туура эмес. Эң жакшысы балаңызга туура багыт берип, ага мотивация бериңиз. Созсүз балаңыздын кызыгуусун эске алыңыз. Мисалга ал мектепте эмнеге кызыкса, ага карата атайын өстүрүүчү курстарга бериңиз.

Сиздин канчалык убактыңыз тар болбосун, балаңызга күнүгө жок дегенде бир-эки саат көңүл бурууга аракет кылыңыз.

Заман кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.