Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандан 11 миңдей чет өлкөлүк чыгарылды. Алар мунапыстын негизинде өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетишти. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыров 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр да ушундай эле мунапыстын негизинде 9 миңдей чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгып кеткен.
Жумакадыров ошондой эле Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын кызмат көрсөтүү тармагында иштөөсүнө квота каралбаганын жана мындай ишмердүүлүккө уруксат берилбей турганын билдирди.
«2025-жылы сегиз кишиге уруксат берилип кеткен. Быйыл андай квота каралган эмес, кийинки жылга да жок. Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга такси жана курьер кызматтарын көрсөтүүгө уруксат берилбейт. Учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүктөрдү аныктап, өлкөдөн чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат», — деди Сейтек Жумакадыров.