Чоң эле адамдар бирин бири аркалыктар, ошлямдар, конкобайлар, тырпырлар дегени эмнеси?

0

Бүгүн группалаш кыздар болуп, чогулуп чай ичмекпиз. Биринчи курстан бери чогуу окудук,бир туугандай болуп калдык. Бири бирибиздин таржымалыбызды жакшы билебиз. Биз ар кайсы жерден болгонго, бири бирибиздин үйүбүзгө барып конок болгонбуз. Айчүрөк менен Үмүт Алайдан, жайлоого барып, кымыз ичип, ажайып кооздукка тойбой келгенбиз. Кетерибизде сары май, курут, ышталган эт салып беришти. Азыркы убакка чейин эстеп келебиз. Рано Токтогулдук, ал жака барганда Кыргызстанда кооз эмес жер жок экенине ынандым. Ранонун бир туугандары күндө бирөө чакырып конок кылышты, Токтогулдун тукумунда ырдабаган бир да киши болбоду, бизге ырдап берип соонун кече тартуулады. Кара-сууга Назгүлдүкүнө бардык, ыйык Сулайман тоого чыктык, Абшыр-Атага бардык. Жердин сулуулугун Швейцариядан өйдө койдум, Оштун самсасын жеп жакшы мейман болуп келгенбиз. Андан чыгып Жалал-Абадка Гүлхандыкына келдик. Ибрагим Жунусов даңазалап ырдагандай эң эле кооз, таза шаар экен. Жалал-Абад курортуна барып сүрөткө түштүк, суусун ичтик. Үйгө да ыйык жердин суусу деп алып алдым. Сыйлуу тамагы аш басып берди. Мен көлгө алпарып коноктодум, жайлоону көрсөттүм. Ак-сууга алпарып ысык сууга түшүрүп, Кара-Колдон ашлям-фу алып бердим,.. Аркы бет менен барып Жети-өгүздү, Жарылган жүрөк тоосун көрсөттүм. Миргүл Нарындан ал жакта да эң сыйлуу конок болдук. Күндө кой сойуп, быжы, жөргөм жеп акырында сиңире албай да калдык. Агасы мергенчи экен, аркар атып келиптир биринчи жолу жедим. Кетерибизде атасы бир кой сойуп берип курут, каймак, чөбөгө толтуруп салып берген. Тамара Таластан аяка барганыбыз да эстен кетпейт. Манас күмбөзүнө барып, кароол чокуга чыгып, фото аппарат менен эле ак кара сүрөткө түшкөнбүз. Таластын да сонун жерлери бар экен, шар аккан суунун жээгине отуруп жыргап келдик. Таластын шалдап кесип жасап берген күлчатайын жеп мейман болдук. Ошентип ар жылы жер көрүп, эл көрүп, сый көрүп сонун өткөн студенттик күндөрүбүздү азыр эң бактылуу күндөр деп эсептеп эскеребиз. Ошондогу элдин сыйы, мейман достугу, ынтымактуулугу. Азыр убакыт өткөн сайын элдин көз карашы да өзгөрүлдү, таанышканда кайактансың деп анан мамиле кылышат. Аң сезими толук эле кишилер бирин бири аркалыктар, ошлямдар, конкобайлар, тырпырлар деп айткандары кийинки муунга өтүп, алардын бизден алган тарбиясы болуп жатат. Анан кандай ынтымактуулукту күтсө болот. Мен жумушка жаңы киргенде Баткендик эже көп нерсени үйрөттү, азыркыга чейин сыйлашып жүрөм. Бир көчөдө жашаган коңшуларым, ар кайсы жерден, ынтымактуу жашап келебиз. Жамандыкта, жакшылыкта биринчи колун сунат. Азыркы учурда элди, жерди бөлгөн акылы тайкы адамдардын чагымчыл болуп жатканы эң кейиштүү. Жердин ар кайсы жеринен куда сөөк болуп жатышат, эгерде ушинтип бөлүнө турган болсо кандай болот деп көп ойлоном. Катышпай калабызбы? Ошондуктан ойлонуп сүйлөп, ынтымактуу болсок. Эң сулуу болгон роза гүлдө да носу бар, ал тикенеги. Ошондой эле жаман эл болбойт, жаман адам болот тура. Биз өзүбүз сыйлап турсак, бизди көрүп балдарыбыз да сабак алат. Менин дос кыздарым келсе өзүлөрүнүн сый тамагын жасаганга аракет кылам, ал менин анын жерин, элин сыйлаганым. Мен муну менен ынтымактуу болуп, элдер бөлүнүп, уруш жаңжал чыгып, энелердин жүрөгү ооруба сын. Баарыңыздарга тынчтык, ынтымак, ден соолук, аманчылык.

Румо

Get real time updates directly on you device, subscribe now.