Мурат Алиев, советтик жана кыргыз кинооператору, жогорку категориядагы адис, Кыргыз Республика отсынын Эмгек сиңирген маданият ишмери дүйнө салды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал оорудан көз жумган.
1979-жылы Мурат Абдувалиевич Бүткүлсоюздук Мамлекеттик Киноинститутунун кинооператорлук факультетин бүтүргөн.
1973-1976 жылдары төмөнкү кинотасмаларда оператордун жардамчысы болуп иштеген:
«Мен Тянь-Шань» (Мосфильм) режиссер И. Поплавская, оператор К. Кыдыралиев; «Уркуя» (Кыргызфильм) режиссер Т. Океев, оператор К. Кыдыралиев; «Мурас» (Кыргызфильм) режиссер Т. Океев, оператор Н. Борбиев; «Көчө» (Кыргызфильм) режиссер Г. Базаров, оператор М. Туратбеков
Отуздан хроникалык-документалдык тасмалардын оператору.
Мурат Алиев башкы оператор болуп «Кыргызтелефильм» студиясында иштеген: «Весення радуга» (1979) реж. К. Акматалиев, «Чек ара» (2011) реж. А. Айтикеев
«Кыргызфильм» студиясында башкы оператор катары тарткан тасмалары:
«Биринчи» (1984) реж. Г. Базаров; «Фудзиямадагы кадыр түн» (1988) реж. Б. Шамшиев; «Улуу Жибек жолу» («Кыргызфильм», «Асахи Симбун» 1990 ж.) реж. К. Акматалиев; «Булут» (2003) реж. Э. Салиев; «Петрарканы окуу» (2007) реж. Н. Абдыкадыров.
2014 жылы режиссер Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» аттуу тарыхий тасмасында башкы оператор болгон.
Аталган фильм АКШнын киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгынын лонг-листине кирген.
2014 жылы Уфа шаарында өткөн Биринчи Улуттук «Ак бузат» фестивалында Г. Амиров атындагы «операторлук чеберчилик» сыйлыгына ээ болгон.
Казак элинин кинематографынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.