Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жигит качууга аракет кылганда атылды

0
Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жигит качууга аракет кылган учурунда атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдеги ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Ал 14-октябрда Кеминде кылмыштын жасалышын кайра кайталап көрсөтүп берүү учурунда качып кеткен. Милиция аны кармоо учурунда кызматтык курал колдонуп, натыйжада И.С. алган жаракатынан каза болгон.
Кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, министрлик анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат берүүнү убада кылды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.