Акыркы суткада 23 629 адам коронавируска каршы эмделди.

0

Өлкөдө бир сутка ичинде 23 629 адам коронавируска каршы вакцина сайдырды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Өткөн суткада эмделгендердин арасынан 8 926сы вакцинанын биринчи дозасын алса, 14 703ү экинчи компонентин сайдырган. Жалпысынан 595 600 киши препараттын биринчи дозасын алса, 277 805 адам экинчи дозаны алып толугу менен эмделди.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Буга чейин биология илимдеринин доктору, Ратгерс университетинин профессору Константин Северинов коронавируска каршы күчтүү иммунитетти кантип калыптандырса болорун айтып, вакцина COVID-19ду жуктуруп алуудан эмес, өлүмдөн сактай турганын белгилеген.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.