Бишкекте соттолгондордун эмгектеринин көргөзмөсү өтөт

0
Бишкекте 18-декабрь күнү соттолгондордун эмгектеринин «Үмүттүн кыл калеми» аттуу көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады.
Экспозиция Эмен багында жайгашкан Чуйков атындагы көркөм галереяда өтөт (Пушкин көчөсү, 78а).
«Бул эмгектер – кайрадан өзүнө ишенүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана өзгөрүүлөргө карай умтулууга үйрөнүп жаткан адамдардын үнү», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын программасы:

соттолгондордун көркөм жана колдонмо иштеринин бет ачары;

камактагыларды жана алардын үй-бүлөсүн колдоо үчүн экспонаттарды сатуу;

ресоциалдашуунун жана социалдык колдоонун мааниси жөнүндө ачык диалог.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.