Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Президент Садыр Жапаровдун жаңы жарлыгын колдоорун белгиледи

0

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын колдойт жана ага жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Анын айтымында президенттин бул Жарлыгы бүгүнкү күндөгү ишкерлердин абалын эске алганда эң актуалдуу жана негизги кадам.

“Президенттин бул Жарлыгы, ишкерлердин укугун коргоо боюнча саясаты – логикалуу жана өз убагында кабыл алынды. Бул Жарлыктын негизинде ишкерлердин, бизнес-акыйкатчынын иштерине жана ар кандай экономикалык аймактарга таасир берген Кыргыз Республикасынын бир топ системдүү катачылыктары кыскарат. Алсак, ишкердик субъекттеринин ишине  укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде макулдашылган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же аткарууга мүмкүн эместигинен улам бузуусун токтотуу чечими бизнес үчүн эмес, өлкө үчүн пайдалуу”,-дейт ал.

Ошондой эле бизнес-акыйкатчынын айтымында ишкерлердин субьектилерин коргоо боюнча бул Жарлык өлкө башчынын ишкерлердин ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизген маселелерди так түшүнгөндүгү жана саясий эркинин күчтүүлүгү деп эсептейт. Буга Жарлыктагы төмөнкү пункттар мисал боло алат:

– чакан бизнестин жана жеке ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусунун жана менчик ээлеринин укуктарын бузуусунун маселелери боюнча алардын кайрылууларын күнү-түнү кабыл алуу…

– экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонууга тыюу салуу…

Жарлыктагы жакшы жагдайларды эске алуу менен кошо бизнес-акыйкатчы бийликке төмөнкү маселелерге да көңүл бурууну сунуш кылды:

Эгерде мыйзамсыз иш аракеттери жа текшерүүлөрүнун жыйынтыгында ишкерлер чыгаша тарта турган болсо буйрукту аткарган укук коргоо органдарынын кызматкерлери гана эмес, алардын жетекчилиги дагы жоопко тартылышы керек.

Ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн, акыйкатсыз чечимдеринин натыйжасында учураган чыгымга бир гана ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эмес, башка дагы мамлекеттик органдардын тиешеси бар экендигин көрсөтүү маанилүү.

Жарлыктын 4-пунктунда көрсөтүлгөн механизмди колдонуунун милдеттүүлүгүн, негиздүүлүгүн жана жалпы ачыктыгын камсыз кылуунун маанилүүлүгү (ички иштер органдары жана салык органдары тарабынан ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелери).

2020-жылдын 11-декабрындагы № 602 «Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө» токтомунда каралган, Ички иштер органдары тарабынан ишкердиктин субъекттерин текшерүүгө тыюу салынгандыгына карабастан, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жоюу максатында жарлыктын 6-пунктунда көрсөтүлгөн жоболордон тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 35-берененсин 4-пунктунун 1-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү алып салуу же өзгөртүү зарылчылыгы.

Компаниялардын жетекчилерин жана кызматкерлерин негизсиз  камакка алууларды кыскартуу зарылдыгы, анын ордуна күрөө аркылуу жазалоо практикасын колдонуп көрүү зарылдыгы…

Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (бизнес-акыйкатчы) жана анын секретариаты өлкө башчынын өлкөдөгү ишкерлик боюнча бул Жарлыгы ишке ашуусун тездетүүгө бардык жардамдарын аябайт жана колдон келген, мыйзамдуу көмөктөрүн көрсөтүүгө даяр.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.