Мораторий салыктык көчмө, камералдык, рейддик текшерүүлөргө жана ККМ колдонуу тартибин текшерүүгө тиешелүү. Ошол эле учурда кылмыштын белгиси бар учурларда жана мурда башталган текшерүүлөр мыйзам чегинде улантылат.
Чечим бизнести колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн азайтуу максатын көздөйт.