Бульдозер!

0

 

Садыр Жапаров ана мына президент болом деп турганда Азимбек Бекназаровко окшогон аксакалыбызды кеңешчи кылып алсаңыз жалгыз сиз эмес жалпы кыргыз эли утат деп жазгандай болду элем. Негизи калк карайлап турганда хандан бектен кайра тартпаган, калыс сөзүн айта билген үч,төрт аксакалыбыз бар анын бири Азике!

Президентибиз Садыр Жапаров туура эмес жолго түшүп бара жатсам камчы чаап тургула деп өзү айткандай, азыр Садыр мырзага кеңеш берип, камчы чаап турчу аксакал керек болуп турат.

Андай ишке жогоруда айтылгандай хандан, бектен кайра тартпаган, кошоматчылык кылбаган калыс сөзүн айтып келген Азимбек Бекназаров жарайт! Эмне үчүн Бекназаров? Кеп башынан болсун. Акаев коңшу өлкөлөрдүн президенттериндей болуп түшпөс, кетпес болуп турган учур. «Ашуудан ат алмаштырбайт» болуп, коомубузда жат дүжүр чалдар, дүжүр катындар, дүжүр балдар пайда болуп жатканда, саясатка апчебиз аралашып бүтүп уул-кызы аралашып баштаганда  учурда кыргыздын түшүнө эмес, ойуна келбес импичмент маселесин көтөргөн эле. Анын аягы Азикебиз куугунтукталып, камалып анан туңгуч президенттибиздин качып кетиши менен бүткөнүн көпчүлүгүбүз билебиз. Жаңылбасам ошондон кийин кыргыз саясатчыларынын арасында кийин жалпы кыргыз элинин арасында » Бульдозер» кошумча ысымы айтыла баштады.

Бакиев бийлике келгенде Азикебизди алты ай генпрокурор кызматына койуп кайта алып салды. Генпрокурор болуп иштеп турганда эле Бакиевге кошомат кылбай тескерисинче Ак үйдү Максимдин кааараны аралап калыптыр деп кыргыз коомчулугуна коңгуроо кагып айтып келди. Ак үйдү Максимдин карааны эмес өзү аралап Өкмөт Башчысы өз ордун бошотуп берип, саясатчы тарыхчы Зайниндин Курманов биздин тарыхыбызда монархия болгон атадан балага бийлик мурас катары өткөн деген макалаларды жарыялап турду!

Ушундай кесепеттерден кийин Бакиев качканга аргасыз болду! Коомчулугубузда » Кыргызга миң жылда бир келчү кырсык», «Неодекват», » Көбөш», деген каймана ысымга ээ болгон А. Атамбаевдин убагында министрлер ж.б. Өкмөт Башчынын (ошол кезде жаңылбасам Жантөрө Сатыбалдиев болуш керек эле) кабылдамасында эмес, шоопурдун кабылдамасында кезекте турат деп айтып чыкты. Атамбаев сындап келген Акаевдин, Бакиевдин үй-бүлөлүк кланынан, өзү түзгөн завхоз, жансакчы, секретарь жанжөөкөрлүк клан алда канча коркунучтуу экенин убакыт көргөздү. Азике кулак кагыш кылган Атамбаев жанжөөкөрлөрү менен дээрлик камака алынды.

Садыр Жапаровдун камалышынын жана президент болушунун бирден бир себеби Кумтөр жана Жерүй сыяктуу кыргыз элинин кен байлыктары эле. Кумтөрдү чече албайм кен байлыктар калган жок деп шыр эле айтты, шыр эле кыргыз коомчулугу да Кумтөрдө дагы 3т алтын бар экенин жооп кылды. Кызыгы президентибиздин Кумтөр комиссиясына Акылбек Жапаровду төрага кылып шайлашы. Кыргыз коомчулугунда мен уккандан «мистер 10 %» деген каймана ысымга ээ болгон эки адамдын бири. Муну мен Кумтөрдөн бюджеттен башка чөнтөкө да бирдеме өндүрө кел дегендей эле түшүндүм. Эгер мамлекеттин кызыкчылыгын ойлонсо Садыр Жапаров депутат кезинде парламентте өзү түзгөн комиссиянын мүчөсү болгон Динара Кутманованы комиссиянын төрагасы кылып дайындаганы туура болмок.

Жер Үй маселесинде, Атамбаев кыргыз элин ырыскысын кесип үлүшсүз калтырган болсо ошо бойдон калды. Эмне үчүн Азике деп баш жагында жазылгандай, Азике Садырга Кумтөр сенин чокойуң деп башында эле айткан. Андан сырткары Курултатай маселеси, курултайчылар мен билгенден сунуш киргизүү укугуна эле ээ болду. Курултайды Баш мыйзамга киргизүүнүн негизги максаты президент да, парламент да курултайда жыл сайын отчёт берүү болгон. Сөз соңунда президентибиз Азимбек Анаркулович Бекназаров пошёл, тагыраагы посол болуп жүрө бербей кайтып келсин.

Президентибиздин Садыр Жапаровдун болгон дарамети ушулбу же тегерегине баягы эле коркок билиш, анан чөнтөгүн ойлогондор топтолуп алдыбы айтор тагдыр чечүүчү мезгилде тайманбастан кеп кеңешиңизди берип турганыңыз оң деген пикирдемин.

Данияр Бусурманалы.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.