Чынар Капарова бала асырап алуу мыйзамдарын жеңилдетүүнү сунуштады

0

Журналист Чынар Капарова Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Абдырахмановичке жана парламенттин тиешелүү комитетинин мүчөлөрү Гүлкан Сакиновна менен Гүлнара Маришовнага ачык кайрылуу жолдоду. Анда өлкөдөгү жалгыз бой аялдардын бала асырап алууда туш болгон тоскоолдуктары негизги маселе катары козголгон.

Ч. Капарованын айтымында, ага жарандардан бул багытта көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Ал буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга маселе көтөрүп кайрылганы менен, расмий тараптар колдонуудагы мыйзамдын кургак талаптарына шилтеме берүү менен гана чектелип келишет.

«Бир жагынан бала асырап алууга даяр жана каалоосу күч жарандар бар болсо, экинчи жагынан ата-энелик мээримге жана үй-бүлөлүк камкордукка муктаж балдар жок эмес. Биз эне болууну эңсеген айымдарды ошол бакыттан, ал эми балдарды камкордуктан ажыратпашыбыз керек», — деп билдирет ал.

Ошондой эле, коомдук ишмер маселенин чыныгы масштабын аныктоо жана мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан тиешелүү министрликтен расмий статистиканы суратууну өтүндү. Ал төмөнкүдөй суроолорго жооп алуу зарыл деп эсептейт:

Бала асырап алуу боюнча канча жаран кайрылган жана алардын канчасына оң чечим чыгарылган?

Канча кайрылууга баш тартылып, анын негизги себептери эмнеде болгон?

Кайрылуунун соңунда Чынар Капарова парламент бул маселени олуттуу карап, балдардын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон адилеттүү чечим кабыл аларына ишеним артарын билдирген.

https://www.facebook.com/share/p/1GyCGeMHU2/?mibextid=WC7FNe

Get real time updates directly on you device, subscribe now.