Бишкекте мектеп ремонтуна акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

0

Бишкектеги №24 орто мектептин ремонтуна ата-энелерден акча чогултулганы боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, мектептин жооптуу кызматкерлери окуучулардын ата-энелеринен оңдоп-түзөө иштерине деп акча чогултушкан.

Жыйынтыгында жалпы 1 млн 131 миң 450 сом чогулган. Акчанын бир бөлүгү мектепте иштеген кызматкердин үйүндө сакталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, президент Садыр Жапаровдун «Балдардын акысыз билим алуу укугун камсыздоого мамлекеттик кепилдик чаралары жөнүндө» жарлыгынын негизинде мамлекеттик билим берүү мекемелеринде текшерүү жүргүзүлүүдө.

Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылында жалпы республикадагы мектептердин ремонту үчүн мамлекеттик бюджеттен 404 млн сом каралганын билдирген. Быйылкы жылы курулуш материалдарын сатып алууга гана эмес, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө да каражат бөлүнгөнү айтылган. Министрлик ошондой эле мектептеги ремонт иштерине мугалимдер тартылышына тыюу салынганын белгилеген.

Бирок буга карабай мектептерде ата-энелерден акча чогултулган учурлар болуп жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.