Чынара Мамжакыпова: «Шаардык Кеңеш жигердүү жана ишкер депутаттарга муктаж»

0

Шаардык кеңешке талапкер «Тынчтык» партиясынын төрайымы элге кайрылуусун жолдоду.

 

Урматтуу Бишкек шаарынын жашоочулары!  Кылымдардан бери кыргызга гана тиешелүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу, салттуу элементтери канына сиңген, бул багытта бай тажрыйбага ээ элибизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү, заманбап турмушка шайкеш  өнүктүрүү күн тартибиндеги маселелерден. Кыргыз элинин  кылымдар кыйырында калган, эчендеген алааматтарга карабай  улут катары сакталып келишинин  сыры да керек болсо ушул жергиликтүү  өз алдынча башкаруусунун  өзгөчөлүгүндө— жатат.

Мисалы: Багаар көрөөрү  жок кары-картаңдар пайда болгон айылдардан келин алып, кыз бербей койуп жазалашкан (андан бир үй-бүлө эле эмес бүтүндөй айыл  эли жер караган , бул айыл эли үчүн эн оор моралдык жаза болгон), кокту-колотто уруу-уруу болуп жашаса да жоо келгенде кыска аралыкта ыкчамдык менен кыргыз кошуунунун  кырдаалга даяр болуп калышы, жайыт которуу, кыштоо, жайлоого жер тандоо,  туугандар арасында жамандык жакшылыктарды уюштуруудагы тикесинен –тик туруп кызмат кылуу сыяктуу өзгөчөлүктөр кыргыз элинин канында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун этностук  УЛУУ САЛТЫ айланып тураарын  далилдейт.

Демек Жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун дүйнөлук моделдери, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун европалык Хартясы сыяктуу документтер, Концепцияларга караганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча  элибиздин тарыхий жактан тастыкталган салты маанилүү.  Кеп аны натыйжалуу колдонууда……

Ал тарыхий фактор өткөн жылы пандемия күчөп турган учурларда элибиздин улуттук аң сезиминде кайрадан жаңырды. Жүздөгөн активисттер жардамга муктаждарга кол сунуп  күнү түнү бел чечпей иштеп ыктыярчылыктын (волонтерлуктун)  бардык эле элдерде кездеше бербеген улуттук улгүсүн көрсөтүштү. Аладын катарында  командам менен биргеликте мен  да болуп өз эсебимден 20 миллион сомдун тегерегинде  ар кайсы катмарларга көмөк көрсөттүк

.

Жакында мени буга чейин булганбаган, шайлоолорго катышып элге кат-кат убадаларды берип ашмалтай болбогон бирок кечээ эле түзүлө калган эмес тээ 2006-жылы түзүлүп алдыга чоң максаттарды коюп келе жаткан “Тынчтык” саясий партиясы төрагалыкка көрсөтүп шайлашты.

Мен буга чейин ишкерлик менен гана алектенип бүт күчүмдү ошого жумшап келсем былтыркы саясий-социалдык толкундоолордон кийин саясатта да өзүмдү сынап,  элиме сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө кызмат кылууга бел байладым десем болот.. Бул партиянын алдыга койгон максаттарын ишке ишке ашыруунун биринчи этабын Бишкек шаардык Кенешинин мисалында сынап көрүүнү чечтик.  Кыргызстанда ЖӨАБну өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу бир катар институционалдык факторлор бар.

Алар:

Кыргызсатандын коңшу өлкөлөрдөн дагы бир өзгөчөлүгү Баш Мыйзам боюнча КРда ЖӨАБ Мамлекеттик башкаруу системасына кирбеген өзүнчө саясий институт  экендиги.

Илимде  же теорияда ЖӨАБга  “Бийликтин жергиликтүү органдарынын мамлекеттик иштердин көп бөлүгүн жана жергиликтүү маанилүү маселелерди мыйзам чегинде, өз жоопкерчилигин сезүү менен элдин кызыкчылыгына ылайык чечүү жөндөмдүүлүгү” деген аныктама берилет.

Бүгүн Кыргызстанда эл мамлекетке көп жүгүн артпай өз киндигин өзү кесип, жергиликтүү маселелерди биргелешип чечип  алууда , каржылоо жаатында үч булака таянат: Биринчи эл аралык уюмдарга, Экинчи  мамлекеттин көмөгү жана  үчүнчү элдин демилгесине.

Албетте андай иштерди аткарууда  шаардын өкүлчүлүк органы болгон  шаардык  кенештин ролу өзгөчө. ЖӨАБгнун  жигердүү өнүгүшү, социалдык-экономикалык процесстердин жанданышы Кеңешке кандай депутататттар келет ошондон көп жагынан көз каранды.

Биз бир идеянын тегерегинде бириккен, өзгөрүүнү өзүнөн баштап, аны  шаарга жайылтып, жалпы калаа  элинин аруу тилек, максаттарын бириктирип бир нукка бурууну көздөгөн жалындуу топ Шаардык Кеңештин депутаты болууга талаптанып командабыз менен чыктык.

Биз Бишкектеги чоң өзгөрүүлөрдүн себепчиси, жаратмандыктын үлгүсү болобуз!

 

 

Урматым менен  Чынара Мамажакыпова

Get real time updates directly on you device, subscribe now.