COVID-19: Өлкөдө билим берүү мекемелеринде иштегендердин 39%ы эмделди

0

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде иштегендердин 39%дан ашыгы коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Анын айтымында, өлкөдө билим берүү мекемелеринде жумушчуларды кошо эсептегенде 152 миң 827 адам эмгектенет.

 

«18-августка карата коронавируска каршы биринчи доза менен 60 миң 225 кызматкер эмделген. Ал билим берүү мекемелеринде иштегендердин 39%дан ашыгын түзөт. Жамааттык иммунитет пайда болушу үчүн кызматкерлердин 70%ы эмделиши зарыл. Андыктан дагы 30% кызматкерди эмдөөдөн өткөрүү керек», — деди ал.

 

Жусупбекова быйыл Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталарын эске салып, мурдагыдай салттуу түрдө болушу үчүн билим берүү мекемелеринин кызматкерлери дарыгер менен кеңешип эмдөөдөн өтүшү керектигин белгиледи.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.